Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүндө, Исфана шаарында жана Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында, коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) имараттары курулуп, салтанаттуу ачылуу аземи өткөрүлдү.

“Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоору жергиликтүү денгээлдеги көйгөйлөрдү биргеликте чечүү максатында милиция, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жамааттардын ортосунда сыйлоо жана ишенимдик кызматташтыкты орнотууну жана бышыктоону көздөйт.

Ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Карамат Орозова, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Салихов К., ички иштер министринин кеңешчиси Осмонова А., Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Шакиров М.., АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Брайан Стиммлер, КААБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери, эл аралык мекемелердин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Программанын алкагында долбоор тарабынан коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) курууга жана ремонт иштерин жасоого 1 725 751 сом жана компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 593970 сомдук финансылык жардам берилип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 96490 сомдук акча каражатын бөлүп беришти.

Бул иш-чара “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчилигинин “Наркотикалык заттардын эл аралык айлануусу менен күрөшүү жана укук коргоо ишмердүүлүгү” боюнча бөлүмүнүн колдоосу астында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic #FTIKyrgyzstan
Saferworld